У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте курулуш компаниянын өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды


 Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
 
Анын айтымында, шаар тургуну милицияга кайрылып, курулуш компанияларынын биринин өкүлү ага 7 -кичи райондо курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батирди 29 300 долларга сатууга убада берген. Кийинчерээк ал батир мурда эле башка адамга сатылып кеткени белгилүү болгон.
 
Бул факты ЖКБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси "Алдамчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Издөө иштеринин жыйынтыгында 38 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter