У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттик администрациянын кызматкерлери менен Тил комиссиянын төрагасынын пикир алышуусу болду


«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү экендиги белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасын кабыл алууда берген тапшырмага ылайык 8-сентябрда Президенттин Администрациясынын бөлүм башчылары жана баардык кызматкерлеринин катышуусу менен чоң жыйындар залында кенен пикир алышуу болду. 

Мындай жолугушуунун максаты баардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын, ведомство-мекемелердин жүргүзгөн иш кагаздарынын сабаттуулугун арттырууга көмөк көрсөтүү жана жазууда кетирилген типтүү каталардан арылуу. 

Бул жолугушууда Президенттин Администрациясынын иш кагаздарындагы айрым грамматикалык, пунктуациялык жана стилистикалык мүчүлүштүктөр тууралуу ачык айтылып, Улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Жолдошович кенен баяндама жасады. Бул иш-чарага Президенттин Администрациясынын 200гө жакын кызматкери катышып, иш кагаздарда кездешкен каталар талкууланып, кызматкерлер мындан ары бул мүчүлүштүктөргө жол бербегенге аракет кылаарын билдиришти. 

Бир айдан кийин Президенттин Администрациясынын иш кагаздарынын кыргызча жазылышына кайрадан мониторинг жүргүзүлүп, эгерде мүчүлүштүктөргө дагы жол берилсе, жалпы коомчулукка социалдык тармактар аркылуу жайылтылаары баса белгиленди. 

Улуттук комиссия мекемелердеги иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө, иш кагаздардын ар кандай үлгүлөрүн даярдоодо кыргыз тилинин орфографиялык эрежелеринин сакталышына жана алардагы мүчүлүштүктөрдүн себептерине талдоо жүргүзүү менен, мындан кийин министрликтерден баштап, баардык мамлекеттик мекемелерге мониторинг жүргүзүүнү мерчемдеп жатат.

Мамлекетке салым кошом деген ар бир кызматкер, эң ириде, мамлекеттик тилге кайдыгер карабай, абийирдүүлүк жана намыскөйлүк менен мамиле жасап, чын дилинен берилип кызмат өтөөгө тийиш. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter