У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалал-Абадда 43 адам бир үйдө жашап, баары кайыр сурап жүрүшкөн


 "Кайырчы" рейди Жалал-Абад шаарында өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, 19 -августта милиция кызматкерлери Ленин көчөсүндө рейд өткөрүп, кайыр сурап жүргөн 43 адамды аныкташкан. Алардын баары ушул көчөдөн бир үйдү ижарага алып, чогуу жашашат экен. Алар милицияга жеткирилген.
 
Документтерди текшерүүдө алардын 24ү Өзбекстандын жарандары экени, 19у Ош облусунун Кара-Суу районунан келген цыгандар экени аныкталган. 
 
Тилемчилердин арасында 70 жаштагы карыя, 18 жашы жете элек балдар жана төрт мүмкүнчүлүгү чектелген адам болгон. Укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзбек жарандарын Өзбекстанга чыгарышкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter