У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымжан Козубаевге кылмыш иши козголобу?


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен  “Унаа” мекемесинин директору Алымжан Козубаев кызматтан алынды. Эми ага карата кылмыш иши да козголуп калышы мүмкүндүгү бар.

Белгилей кетсек, буга чейин Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу өкмөткө «Унаа» мекемесинин директорун ээлеген кызматын ордунан бошотууну сунуштаган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жүргүзүлгөн мониторингдерге ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык системаны жокко чыгаруу боюнча этаптуу иш-чаралардын жарымынан көбү аткарылбай калганын баса белгилеген.

Айткандай, Козубаев жакында эле, өзүнөн эки эсе жаш кызга үйлөнүп, көптүн көзүн күйгүзгөн. Эми кылмыш иши козголуп кала турган жагдай жаралса, Жаш жубайынын жанында боло албай кыйналат го…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter