У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэрия Токио Олимпиадасына катышкан спортчулар үчүн концерт уюштурат


 Бишкек мэриясы Олимпиада оюндарынын медалчылары жана катышуучулары үчүн концерт уюштурат. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара эртең, 7-августта саат 13.00дө Ала-Тоо аянтында өтөт.
 
«Олимпиаданын медалчылары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудовдун жана Кыргызстандын курама командасынын урматына концерт уюштурулат», - деп билдиришти мэриядан.
 
Мэриянын басма сөз кызматы өлкөнүн жарандарынын колдоосу спортчулар үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, жолугушууга келе турган жарандардан санитардык -эпидемиологиялык талаптарды сактоону өтүндү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter