У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 15 вебкам- студия иштеткен адам кармалды-видео


УКМКнын кызматкерлери Бишкекте 15 вебкам -студиясынын тармагын уюштурган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
 
Мекеменин маалыматына караганда, 3-августта ыкчам-тергөө иштеринин алкагында бир жумалык акыны бөлүштүрүп жатканда кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары кармалды. Ал борбор калаада 15тен ашуун вебкам-студия уюштуруп, көмүскө киреше тапкан туруктуу топту жетектеп турган. Бир эле вебкам-студиянын күнүмдүк көмүскө кирешеси 90-100 миң долларга жетип турган. Кызмат көрсөткөн кыздарга болгону анын 5-10 пайызын гана беришкен. 
 
 «Кармалгандардын турак жайын жана батирди ижарага алып студия катары иштетип жаткан жерин тинткенде 27 миң доллар табылды. Бул акча персоналга төлөөгө жана онлайн түрүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн компьютердик жабдууларды сатып алууга жумшалмак», - деп айтылат билдирүүдө.


 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter