У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


11 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү Бишкектен кармалды

 
 Талас облусунун ИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери 2010 -жылдан бери издөөдө жүргөн адамды кармашты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
 
Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2008-жылдын 29-майында Бакай-Ата районунун тургунунун үйүнө белгисиз адамдар кирип келишип, үй ээсин сабап, акча талап кылышкан. Алар үй ээсинин аялын, уулун жана келинин байлап, үй ээсинен чоӊ суммадагы акча алышкан. Натыйжада үй -бүлөгө чоң материалдык зыян келтирилген.
 
Бул факты боюнча, 2008 -жылы кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр издөөгө алынган. Кылмышка шектүү Токтогул районунун Кара -Көл шаарынын 1978 -жылы туулган М.У тургуну экени аныкталып, 2010 -жылдын 5 -июлунда ага сыртынан айып тагылып, издөөдө жүргөн.
 
11 жылдан кийин милиция кызматкерлери аны ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында кармашкан. Укук коргоо органдары анын башка кылмыштарга катыштыгын текшерүүдө.
 
Талас шаардык сотунун чечими менен шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
 
Тергөө иш -чаралары уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter