У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды


 
Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда Бишкекте көз жумду. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал оорудан улам көз жумган. Ал 78 жашта эле.
 
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-июлда саат 10до Опера жана балет театрында болот.
 
Үсөн Сыдыков Ош облусунун Хиля айылында туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.
 
1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
 
2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter