У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус жана пневмония менен 2094 бала ооруп, алтоо каза болгон


     
2020-жылдын март айынан бери 2 миң 94 бала COVID-19 жана пневмония менен ооруп, ооруканаларда дарылануудан өтүшкөн. Бул тууралуу Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Айна Жетыбаева брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, ушул мезгил аралыгында балдар арасында алты өлүм катталды.
 
Көпчүлүк учурларда 5 жаштан 15 жашка чейинки балдар арасында оору көп катталган. Тактап айтканда 5 жаштан 15 жашка чейинкилер - 759 (же 36,2 пайыз), 1-4 жаш - 624 (же 29,8 пайыз), 16-18 жаш - 400 (же 19,2 пайыз) түзгөн. Ошондой эле бул оору бир жашка чейинки 311 балада катталган.
 
Айна Жетыбаева балдардын 24 пайызы орточо оор абалда, 16,5 пайызы оор абалда, 1,7 пайызы өтө оор абалда болгонун белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter