У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таиландда эмдөөдөн өткөн жүздөгөн дарыгерлер коронавирус менен ооруп калышты


Таиланддын Саламаттыкты сактоо министрлиги жекшембиде билдиргендей, Кытайдын Синовак вакцинасы менен эки жолу эмделген 600дөн ашуун саламаттыкты сактоо кызматкерлери COVID-19 жуктуруп алышкан.
 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, апрель-июль айлары аралыгында, Sinovac вакцинасы менен эки жолу эмдөөдөн өткөн 677 348 дарыгердин 618и ооруну жуктурган. Бир медайым каза болуп, дагы бир медициналык кызматкердин абалы оор.
 
Саламаттыкты сактоо кызматкери Сопон Ямсиритхавонын айтымында, эксперттик топ «кызыл зонада» иштеп жаткан саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин иммунитетин көтөрүү үчүн 3 жолу эмдөөдөн өтүүнү сунуш кылган.
 
"Бул дагы бир вакцина, AstraZeneca вирустук вектору же Таиланд жакын арада ала турган мРНК вакцинасы болот", -деди ал.  
 
Сопон Ямсиритхавон сунуш ушул дүйшөмбүдө караларын кошумчалады.
 
Таиландда өткөн жылы пандемия башталгандан бери жалпысынан 336 371 учур катталгандыгын жана 2711 адам каза болгонун билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter