Азыркы кезде коомчулукта адамдын жакшы жагын көрүү, баалоо өтө эле оор. Канча жакшы иштерди жасап, анан кичине эле каталык кетсе баса калып, жаманатты кылмай өнөр болуп баратат. Жакшы ниет жакшы нерсени чакырат. Андыктан, жакшылыкты баалап айтып туруу керек.
Мына Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин эл үчүн жасаган мыкты иштери арбын. Сөзүбүз куру болбосун, айрым бир фактыларга токтоло кетсек ашыкча болбойт.
Айталы, Жолдошбаева билим берүү тармагына кошкон салымы чоң. Алсак, эл өкүлү Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жеке менчик 3 этаж имаратын оңдоп мектеп кылып мамлекетке өткөзүп берди. Мындай эрдик ар кимдин колунан келе бербейт.
Ат-Башы районунда 20 километр канал салдырып, 6 миң гектар жерди суу менен камсыз кылды. Андан бери дээрлик 20 жыл болуп калды. Канчалаган дыйкандар суудан өксүк болбой, жерин иштешип үй бүлөлөрүн багып келишет. Эгемендүүлүк алганы керек болсо мамлекет 20 километр аралыкта канал сала элек. Мына быйыл суу тартыш болуп өлкөбүздүн бир катар аймактарында айыл чарба тармагында түшүм дээрлик оор жоготууларга дуушар болду. Ат-Башыда андай кыйынчылык жаралган жок.
Ошол эле спорт тармагын алалы. Жолдошбаевдин эмгегинин натыйжасында "Беш-Сары" спорт клубунда тарбияланган спортсмендер дүйнөлүк аренада Кыргызстандын желегинин желбиретип келишет. Спорттун бир канча түрүнөн канчалаган Дүйнө, Азия чемпиону чыкты. Эл өкүлү өз каражатына спорт тармагын көтөрүү үчүн 4 спорт комплексин куруп берди. Ушунун өзү эмне деген эмгекти, каржыны талап кылат?
Айталы, Камчыбек Жолдошбаевдин дагы бир өзгөчөлүгү катары, кыйын учурларда билмексен болуп жатып албастан, ар дайым демилге көтөрүп алдыга суурулуп чыккан элим деген сапаты бар. Мына былтыртан бери токтобой жаткан пандемияда Камчыбек мырза биринчилерден болуп мамлекетке, элге жардам кылалык деп 1 миллион сом которгон. Демилгени колдогондор көбөйүп дээрлик миллиард сомго чейин каражат чогулуп, кыйын учурда карапайым калктын саламаттыгына кам көрүүгө эбегейсиз жардам болду. Мындан сырткары, канчалаган врачтарга вирустан коргоочу медициналык формаларды, кол кап, маска, антисептик сыяктуу медициналык керектүү каражаттарды сатып берип чоң жардам көрсөттү.
Октябрь революциясында талкаланган Ак үйдү оңдоого мамлекет каражат таппай карайлап турганда да алгачкылардан болуп 1 миллион сом берди. Бул демилге да колдоого алынып, казынага күч келбей Ак үй оңдоп түзөөдөн өттү. Кытайга карызды төлөө үчүн 1миллион сом казынага которуп берешен, колу ачыктыгын далилдеген.
Мына буга окшогон жакшы иштерин айта берсе көп. Адамдын кылган жакшы иштерин айта жүрүү парз. Себеби, жакшы сөз, ниет жакшылыкты чакырат...