Ысык-Көлдө курорттук аймактын эки тургуну коронавирустан каза болду
- 05.07.2021, 17:05,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көл облусунда COVID-19дон эки жаран каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 9 адам көз жумган. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 2 учур катталган.
Коронавирустан каза болгон 1950-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну оор абалда ооруканага түшкөн. Буга чейин да өнөкөт оорулар дагы болгон.
Ушул эле райондун 1942-жылы туулган тургуну үйдө дарыланып, дарыгерлерге кеч кайрылган. Ал буа чейин ооруп жүргөн.