Акыркы бир сутка ичинде 136 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп, анын ичинен 88 адам экинчи жолу эмделгенин Саламаттыкты сактоо министрлиги 5-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпысынан 121 601 (1,9%) адам эмдөөдөн өткөн, анын ичинен 81 174 адам экинчи жолу эмделген.
Аймактар боюнча эмделгендердин саны:
Бишкек шаарында -39 миң 131;
Чүй облусу боюнча - 21 640;
Ош облусу боюнча - 13 504;
Жалал-Абад облусунда - 13 269;
Ысык-Көл облусу боюнча - 10 877;
Ош шаарында - 9019;
Баткен облусу боюнча - 4904;
Нарын облусу боюнча - 4718;
Талас облусунда - 4539.