У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


73 жаштагы энесин өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы уулу кармалы


Өз энесин өлтүрүүгө шектелип Пригородное айылынын 34 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«30-июнда Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Пригородное айылындагы жеке үйлөрүнүн биринде адам өлтүрүү фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, уктоочу бөлмөдөн  аял кишинин сөөгүн табышкан. Маркумдун өздүгү такталып, ал 73 жаштагы М.А. экени жана ал киши колдуу болуп каза тапканы аныкталган», - деп билдиришти ИИМден.

Киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип маркумдун 34 жаштагы уулу кармалган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter