У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз ишкерлери дезинфекциялоо туннелин жасап чыгарышты

Кыргызстанда жеке ишкерлер өз демилгелери менен дезинфекциялоо туннелин жасап чыгышты. Бул тууралуу Жоодар Сайдилканов өзүнүн баракчасы аркылуу маалымдады. Алгачкы туннелдер даяр болгонун жана алар республикалык штабка акысыз тапшырылаарын билдирди.  Туннелдердин бири жөө адамдар үчүн, экинчиси автоунаалар үчүн жасалган.

(Сүрөт интернеттен алынды)
"Covid -19 пандемиясы менен күрөшүү максатында биздин жергиликтүү www.Steelex.asia компаниябыздын цехинде алгачкы эки автоматташтырылган дезинфекциялоо туннели өндүрүлдү, бирөө автоунаага, экинчиси жөө адамдарга арналган. Эртең Бишкектеги штабка акысыз тапшырылат, тийиштүү жерлерге орнотулат. Адамдарды контаксыз түрдө тестен ( анализ Covid-19) өткөрүү үчүн кабиналардын да өндүрүшүнө баштаганы турабыз. Бул күтүүсүз пандемиянын талабына дароо жооп бергендери үчүн жергиликтүү өндүрүшчү агам жана иним Syrttan Saidilkanov жана Расул Сайдилкановго ыраазычылык билдирем" дейт жеке ишкер.

(Сүрөттө жеке ишкер Жоодар Сайдилканов)

(Сүрөт жеке ишкерлердин жеке баракчасынан алынды) 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter