У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Көлдө пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды


Кара-Көл шаарында опузалап пара талап кылган деген шек менен милиция кызматкери кармалды Бул тууралуу  25-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБдин улук тергөөчүсү Ы.Н.Е. 24-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, милиция кызматкери жергиликтүү тургундан кылмыш ишин оң чечип берем деп 40 миң сом талап кылган.

Бул факт ЖКБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") менен катталган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter