У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстан Кыргызстанга вакцина бербейт. Тугжанов Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүн четке какты


Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов казак вакцинасы август айынын аягынан баштап гана ири көлөмдө чыгарыла тургандыгын, андыктан жакынкы аралыкта аны башка өлкөлөргө жеткирүү жөнүндө маселе жок экендигин билдирди. Бул тууралуу Turantimes.kz. маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Тугжанов брифинг учурунда  Казакстандын жакынкы аралыкта ата мекендик QazVac вакцинасын Кыргызстанга гуманитардык жардам катары жеткирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүн четке каккан. 

«Вакцина сурап жаткан өлкөлөр бар. Бирок, биринчи кезекте өзүбүздүн жарандарды камсыздашыбыз керек. Ошондуктан, бүгүнкү күнгө, июнь айына, июль айына, ал тургай августка чейин, башка өлкөлөргө вакцина жеткирүү маселеси каралган эмес. Кыргызстандан да вакцина боюнча кайрылуу бар, биз аны кечээ да көрдүк. Сентябрь айында бизде QazVac  вакцинасын 1 миллион дозага чейин өндүрүү пландалууда, ошондо биз бул маселени дагы карап чыгабыз», - деди ал 

Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой казакстандык вакцинаны алуу үчүн өлкөлөрдөн арыздар түшүп жаткандыгын жана алардын бардыгы каралып жаткандыгын ырастады.

Эскерте кетсек, буга чейин массалык маалымат каражаттарында ушул жумада Казакстан Кыргызстанга коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясын жеткирүүнү пландап жатканы туурасында Саламттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин берген маалыматы чыккан. 

 "Мен Казакстандын саламаттыкты сактоо министри, элчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Жума-ишемби күндөрү, биз Алматыдан вакцина күтүп жатабыз. Бейшемби күнү биз муздаткычтарды жөнөтөбүз. Менин оюмча, чек арада эч кандай көйгөй жаралбайт", - деп билдиген 22-июнда Саламаттыкты сактоо министри.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter