Ооруканага коронавирус менен ооруган балдар көп түшүүдө
- 22.06.2021, 14:24,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы учурларда Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган жана пневмония болуп ооруп ооруканага түшкөн 16 жашка чейинки балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев маалымат каражаттарына билдирди.
Анын айтканына караганда учурда коронавирус жугузуп алган 22 бала ооруканада дарыланып жатат. Алардын эң кичүүсү алты айлык наристе. Улуусу 16 жашта.
Ошондой эле ал акыркы эки жумада вирус жуктуруп алган балдардын саны көп болуп жатканын, ооруп калган балдардын абалы орто оор экенин кошумчалады.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын билдирген.