У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абал өтө курч. Коронавирус 8 адамдын өмүрүн алып, 1000ге жакын кишиге жукту


Бүгүн, 22-июнга карата өлкө боюнча дагы 931 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Мындай статистикалык маалымат саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев маалымат жыйында билдирди.
Бишкек шаары – 435;
Ош шаары – 147;
Чүй облусу – 129;
Ош облусу – 93;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 27;
Жалал-Абад облусу – 50;
Баткен облусу – 41.
Илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 116 миң 546 болду.

Акыркы бир суткада өлкө боюнча 8 адам коронавирус инфекциясынан кайтыш болду.
Алардын ичинен Бишкекте – 5, Чүй өрөөнүндө 2, Ош облусунда 1 учур катталды.
Республика боюнча каза болгондордун саны жалпы 1 миң 945ти түздү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter