Бир суткада 585 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Бишкек шаары – 353, Ош шаары – 54, Чүй облусу – 9, Ош облусу – 19, Талас облусу – 9, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 22, Жалал-Абад облусу – 80, Баткен облусу – 35. Жалпы 115 миң 615 адам коронавирус жуктуруп алган.