Бишкекте коронавирусу менен ооругандар үчүн күндүзгү стационарлар жайгаштырылууда:
Биринчи Май району - 83-мектеп (Лумумба көчөсү, 10);
Ленин району - №95 мектеп ("Верхний Джал" кичи району, 45);
Свердлов району - №94 мектеп ("Дордой" конушу, 487/4);
Октябрь району - Сейтек борбору (Абдымомунов көчөсү, 197).
Ооруканалар кычкылтек концентраторлору менен камсыз болушат жана өз убагында квалификациялуу жардам көрсөтүү үчүн керектүү жабдуулар менен жабдылат.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда вирус жуктуруп алгандардын саны 870ге жетти.