У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Террористтер мектепке кол салып, 80 окуучуну уурдап кетишкен


Нигериянын Кибби штатындагы Бирнин-Яур шаарында террорчулар мектепке кол салып, кеминде 80 баланы жана бир нече чоң кишини уурдап кетишкен. Бул тууралуу  Reuters агенттиги билдирди.

Уурдалгандардын көпчүлүгү кыздар экени белгилүү болду. Окуу жайга кирерде куралчан адамдар полиция кызматкерин жана ошол учурда жардам көрсөтүлүп жаткан баланы өлтүрүшкөн.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин божомолуна ылайык, окуучулар акча өндүрүү максатында  уурдалган. Полиция дайынсыз жоголгон балдардын так санын аныктап жатат. Мындан тышкары, коопсуздук күчтөрү токойду жана мектептин жанындагы аймакта издөө иштерин улантып жатышат. 

Мектептеги бул жолку кол салуу өлкөнүн түндүк-чыгышындагы согушкерлердин аракеттеринен бөлөк экени белгиленди. 

Эске салсак, 2014-жылы африкалык "Боко Харам" тобу мектепке кол салып, 276 кызды согушкерлерге күч менен күйөөгө берүү же кулчулукка сатуу максатында уурдап кетишкен. Айрым мектеп окуучулары туткундан качып кетүүгө үлгүрүшкөн, калгандарынын тагдыры азыркыга чейин белгисиз.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter