У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды


 Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу 15-июнда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, кылмыш 16-майда жасалган. Шектүүлөр таанышынын Lexus 470 унаасын беш күнгө ижарага алышкан. Алар ижара акысына 350 доллар төлөп беришкен, бирок унааны беш күндөн кийин кайтарып беришкен эмес. Алар унааны күрөөканага 6000 долларга күрөөгө коюушуп, дайынын таптырбай кетишкен.
 
Кийинчерээк "Лексустун" ээси унааны күрөөканадан 7700 долларга сатып алган. Шылуундар жабырлануучуга 651 миң 549 сом өлчөмүндө зыян келтиришкен.
 
Жабырлануучу 3-июнда милицияга арыз менен кайрылып, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен КЖБРине катталган.
 
Ленин РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1983-жылы туулган Д.Д жана 1976-жылы туулган К.Г. кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter