У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде оорукананын кызматкерлерине компенсация мыйзамсыз төлөнүп берилген


 Прокуратура Баткен облусундагы COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражаттарды сарптоодогу мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Баткен облустук прокуратурасы облустук бириккен оорукананын айрым кызматкерлерине мыйзамсыз 545 миӊ 480 сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилгендигин аныктады.
 
«Компенсациялар Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 10-июлундагы буйругун бузуу менен төлөнгөн. Берилген прокурордук жооп актынын жыйынтыгы боюнча, мыйзамсыз төлөнгөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылды. Бул багыттагы иштер улантылат», - деп билдирди прокуратура.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter