Россияда май куюучу жайдагы жарылуудан үч кыргызстандык жабыркады-видео
- 15.06.2021, 12:05,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 14-июнда Новосибирск шаарында май куюучу жайдагы жарылуунун кесепетинен үч кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуунун кесепетинен жалпысынан 30дан ашуун адам жаракат алган. Алардын ичинде денесинен күйүк алып ооруканага жаткарылган үч кыргызстандык жаран да бар.
Мындан тышкары 53 жаштагы В.О. денесинин 20 пайызы күйүк алып, облустук клиникалык оорукананын күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Анын абалы туруктуу. Ош облусунун жыйырма жаштагы тургуну текшерүүдөн өткөндөн кийин үйүнө кетүүгө уруксат берилген. жарылуудан кийин медициналык жардам албай үйүнө кетип калган 33 жаштагы Кыргызстандын жараны Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле, өрттүн жана жарылуунун кесепетинен кыргызстандык аял ижарага алып иштешип жаткан кафе жана мекендештерибиз иштеген дөңгөлөктөрдү орнотуучу жай жабыркаганы аныкталды. Ал жерде иштегендер өз учурунда коопсуз жайга чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери жабыркагандар менен жолугушту. Кыргызстандык жарандын биринин паспорту күйүп кеткени айтылды. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери жакынкы аралыкта документти калыбына келтирүүнү убада кылышууда.
Алдын ала маалыматка ылайык, Новосибирск шаарынын Октябрь районундагы май куюучу жайдагы өрттүн келип чыгышына коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.