Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоого документ тапшыруунун мөөнөтү аяктады
- 14.06.2021, 09:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады.
Аталган шаарлардын аймактык шайлоо комиссияларынын 14-июндагы маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 18 партия, Ошко тогуз, Токмок шаардык кеңешине алты партия арыз берди.
Эми бул партиялар талапкерлеринин тизмесин 20-июнга чейин бериши керек. Үгүт иштерин 20-июндан 10-июлга чейин өтөт.
Быйыл 11-апрелде Кыргызстандын бир катар шаардык жана жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.