Бир жаштагы кызын сатууга аракет кылган эне кармалды
- 12.06.2021, 12:08,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өзбекстандын Сурхандарья облусунун Кизирик районунда жашаган 23 жаштагы эне бир жашар кызын сатып жаткан учурда кармалган. Бул тууралуу өзбек ММКлары жазып жатышат.
Бир жаштагы наристенин энеси Жаркургандык аял менен сүйлөшүп, кызын сатууга аракет кылган. Бирок, кызын сатууга аракет кылган келиндин таанышы укук коргоо органдарына кайрылып, келин кызын сатып жаткан учурда кармалган.
Эне наристесин 12,6 миллион сумга (1,2 миң долларга жакын) баалаган.
«Мен кызымды саткым келген жок. Жашоо шартыма байланыштуу бага албагандыктан бага ала турган үй-бүлөгө берип жаткам. Менин шарттарым оор, ата-энем дагы баламды кабыл алышпайт», - деди аял.