У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: "Быйыл кургакчылык болуп жатканына байланыштуу түшүмдүүлүк аз болору күтүлүүдө"


Быйыл кургакчылык болуп жатканына байланыштуу түшүмдүүлүк дагы төмөн болору күтүлүп жатат. Бул туурасында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Ильич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

"Бүткүл дүйнөдө кургакчылык күч алууда. ЖМКлар тоют жетишсиз болуп, жан-жаныбарлар өлүп жатканын жазууда. Биз чара көрүүгө аракет кылып жатабыз. Коңшулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Жакын арада Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна шекер жана суу май келери күтүлүүдө. Мамлекеттик резерв фондуна Казакстандан ун жеткирилди. Мындан тышкары, бизге Канаттуулар чарбасы ассоциациясынан жем тартыштыгы боюнча кайрылып жатышат. Жакынкы күндөрү бул тармакка колдоо көрсөтүү үчүн 4 миң тоннадан ашык тоют брондойбуз", — деди адис.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter