Дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Айтурган Садыкова табылды
- 08.06.2021, 16:35,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
6-июнда ата-энесине айтпай Кочкор районунан Бишкекке кетип калган мектеп окуучусу Айтурган Садыкова Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, 6-июнда 11 жаштагы кыз Нарын облусунун Кочкор районунан Бишкек шаарына такси менен кетип, дайынсыз болуп жаткан.
Бүгүн ал Батыш автобекетинин жанынан табылып, борбордун Биринчи Май районунун Ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Анын ата-энеси дагы Бишкекке келген.