Алымкадыр Бейшеналиев: Мамлекеттик ооруканаларда коронавирусту уу коргошун менен дарылоо токтотулду
- 03.06.2021, 13:43,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мамлекеттик ооруканаларда коронавирусту уу коргошун менен дарылоо токтотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.
Жыйын учурунда депутат Дастан Бекешов: «Биз дүйнөгө коронавирустун дарысын таптык деп жар салдык. Бирок вирусту жеӊүү үчүн башка мамлекеттерден вакцина сатып алып жатабыз. Бул жерде карама-каршылыктар барбы? Аконит ооруканаларда колдонулат деп өзүңүз айттыңыз», - деп сурады Дастан Бекешев.
Алымкадыр Бейшеналиев эмдөө бул COVID-19 алдын алуу, ал эми антибиотиктер же башка дары-дармектерди колдонуу вирусту дарылоо деп жооп берди.
«Аконит мамлекеттик ооруканаларда колдонулбай калды. Клиникалык сыноолорду өткөрүү үчүн 400 кишиге уу коргошун бердик. Бардык анализдер Россия жана Казакстанга жөнөтүлдү. Академиктер аларды изилдеп жатышат. Резюмени күтүп жатабыз», - деди ал.