У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 27 энеге "Баатыр Эне" ордени тапшырылды


Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 12-майындагы №150 жарлыгы менен жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов санитардык нормаларды сактоо менен, көп балалуу энелерди куттуктап, “Баатыр эне” орденин тапшырды.

"Калаа башчысынын милдетин аткаруучу “Баатыр энелерге” чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо каалады. Жалпысынан 27 энеге "Баатыр Эне" ордени тапшырылды. Бишкек шаарында 792 көп балалуу энелер каттоодо турат, алардын 539у “Баатыр Эне” ордени менен, 253ү “Эне Даңкы” медалы менен сыйланышкан", - деп айтылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter