УКМК: Экс-депутат Ибрагимов мамлекеттин эсебине 100 млн сом которду
- 31.05.2021, 10:28,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.
УКМК тарабынан Сергей Ибрагимовдун каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлүп, мыйзамдын талаптарын бузуу аныкталган эмес.
Бирок Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошкон.
Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.