У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады


Бүгүн, 29-майда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады:

“Биз эки багытка көңүл бурушубуз кажет. Биринчиден, армияны тоо шартында аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн толук даярдалган жана техникалык жактан жабдылган атайын бөлүктөр принциби боюнча уюштуруу. Экинчиден, чек ара аймактарында жашаган калктын мобилизациялык жогорку даярдыгын камсыз кылуу жана аскердик коркунучтарга, кол салууларга каршы олуттуу күчтөрдү топтоо үчүн элдик кошуундарды түзүүгө өтүү”,- деди Жапаров.

Өз кайрылуусунда мамлекет башчысы Кыргызстандын аскер күчтөрү өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган ар кандай аракеттерди толугу менен токтотууга даяр экенин белгилеп, жоокерлердин тайманбастыгы жана эр жүрөктүгү сырткы душмандын мизин кайтарарына бекем ишенерин айтты.

Ошону менен катар Жапаров аскер кызматкерлеринин мойнуна чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн эскертти.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү жыл сайын 29-майда белгиленет. Бул күндү белгилөө тууралуу өкмөт токтому 1994-жылдын 19-майында чыккан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter