Бүгүн Баткенден 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти
- 27.05.2021, 10:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
28-30-апрель күндөрү, Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында болуп өткөн окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көл облусуна эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Облустун чек аралаш аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн бою Ысык-Көл облусунда эс алууда болушат", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Андан соң балдар Баткен облусундагы Кадамжай районундагы “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат. Балдар бүгүн, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учушат.