Эртедир-кечтир адамзат жаңы пандемияга туш болот. Ал вирус азыркыдан дагы коркунучтуу болуп чыгат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Гебресиестин билдирүүсүнө таянып, РИА Новости жазып чыкты.
"Бул вируска караганда жугуштуу жана көп өлүмгө алып келе турган дагы бир вирус болот" ,- деди ал ДССУ 74-сессиянын ачылышында.
Уюмдун башчысынын айтымында, вирустар менен күрөшүү мамлекеттердин атаандашпай, бири-бири менен кызматташуусу керектигин көрсөтөт.
"Тилекке каршы, азыр эч нерсе кылбасак, бай өлкөлөр өз калкынын көпчүлүгүнө эмдөө жүргүзүп, экономикалары толук кандуу иштей баштайт, ошондой эле вирус кедей өлкөлөрдө айланып, мутацияга дуушар болот. Жаңы очоктор жана толкундар жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алып, дүйнөлүк экономиканын калыбына келүүсүн жайлатышы мүмкүн», - деди ал.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясы 24-майдан 1-июнга чейин виртуалдык форматта иштейт. Анын башкы темасы - COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү жана ден-соолуктагы жаңы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу. Ассамблеянын ишине дүйнөнүн ар тарабынан келген делегациялар катышат.