Россияда көчө шыпыргыч болуп иштеп жүрүп көз жумган мекендешибиздин сөөгү бүгүн Кыргызстанга келет
- 25.05.2021, 10:24,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Санкт-Петербургда көчө шыпыргыч болуп иштеп жүрүп, бийиктиктен кулап көз жумган кыргызстандыктын сөөгү бүгүн Ошко жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Санкт-Петербург шаарындагы канцелярия билдиргендей, 31 жаштагы Д.Э. аттуу мекендеш ушул жылдын 22-майында көз жумган.
"Учурда сөөктү алып кетүүгө уруксат берилди. Чет жерде каза болгондордун сөөгүн өлкөгө жеткирүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн компенсация алуу боюнча тиешелүү консультациялар берилди. Маркумдун туугандары бул компенсацияны Кыргызстандан алууну көздөп жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Маркумдун сөөгү бүгүн, 25-майда, Санкт-Петербург — Ош каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Элчилик өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, каза тапкандардын сөөгүн (Жүк-200) алып кетүү чыгымдары үчүн бир жолку төлөмдү Кыргызстанда, ТИМдин Тышкы миграция департаментинин алдындагы маалыматтык-консультациялык борбордон, ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелеринен алуу мүмкүнчүлүгү каралганын эскертти.