«Аутизм победим кg» борборунун кызматкеринин алты жашар баланы сабап жаткан видеосу тарады
- 21.05.2021, 14:01,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте “Аутизм Победим KG” борборунда иштеген кызматкер алты жашар баланы ур-токмокко алган видеосу тарады. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Ал баланын апасы ага жардам сурап кайрылганын, анын билдиргенине караганда баласы ДЦП менен ооруй турганын айткан.
“Саламатсызбы Ассоль, менде жаман жаңылык бар. Атым Назгүл, балам 6 жашта жана ДЦП менен ооруйт. Беш жашында баса баштады. Жакында баламды дефектологго алып бара баштадым. Балам сүйлөй албайт. Дефектолог баламды катуу сабаган экен. Жардам берүңүүздү суранам. Менде анын видеосу бар”, - деп жазган баланын апасы.
Ошондой эле Ассоль Молдокматова видеотасманы жана зомбулуктун ачык далилдерин көргөндөн кийин аталган борбордун администрациясы дефектологду кызматтан алуу чечимин кабыл алгандыгын айтты.