Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министри: "Өлкөдө COVID-19 менен ооруган бир дагы адам жок"
- 21.05.2021, 11:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин башчысы Жамолиддин Абдуллозода "Азия-Плюс" менен болгон маегинде коронавирус инфекциясы менен ооругандар катталууда деген имиштерди чындыкка дал келбейт деп атады.
«Жалпыга маалымдоо каражаттары COVID-19 менен ооругандар кайрадан өлкөдөгү ооруканаларга жаткыра баштады деп жазышууда. Бул туура эмес», - деди министр.
Анын айтымында, чындыгында республикада пневмония менен бир нече жолу ооруган учурлары катталган.
«Алар врачтардын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койгондун натыйжасында пневмония менен оорушкан. Бейтаптар менин жеке буйругум боюнча жугуштуу оорулар ооруканаларына эмес, терапия бөлүмүнө жаткырылды. Алардын бардыгы сууда сүзүүдөн жана акыркы күндөрдөгү аба ырайынан улам пневмония менен оорушкан. Алар башкаларга коркунуч келтирбейт жана ооруну башкаларга жуктурушпайт», - деди министр.
Ал журналисттерден такталбаган маалымат таратып Тажикстан калкынын жана конокторунун арасында дүрбөлөң салбоону суранды.