Талас ОИИБинин кызматкери, 33 жаштагы Бакас Тасымбаев пневмониядан каза болду
- 19.05.2021, 10:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Талас ОИИБинин кызматкери
Бакас Тасымбаев пневмониядан каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Кызматкер 1988-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында туулган. Облустук ички иштер башкармалыгында 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан.
Кызматкердин артында 2 уул, бир кызы калды.
Облустук ички иштер башкармалыгы кызматкер Бакас Тасымбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.