БУУнун 6-Дүйнөлүк Жол Коопсуздук Жумалыгы өтөт
- 18.05.2021, 16:52,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
БУУнун 6-Дүйнөлүк Жол Коопсуздук Жумалыгы 2021-жылдын 17-майынан 23-майына чейин өнүkөн. БУУ Жумалыгынын темасы адамдар жашаган көчөлөрдө 30 км/с болуп, “Көчөлөр өмүр үчүн. # Жагат30” ураанынын астында өтүп жатат.
ММКнын өкүлдөрүн БУУ Жумалыгына карата уюштурулган жана өнөктөштөрүбүз менен биргеликте БУУнун Глобалдык 6-ЖКК Жумалыгынын 2021-жылдын 17-23-май күндөрүндө өткөрүлө турган сүрөт көргөзмөсүнө чакырабыз.
Ачылыш күнү: 2021-жылдын 17-майында "Дордой Плаза 2" соода борборунда саат 12:00 - 13:00 чейин : Көчөлөр өмүр үчүн. # Жагат30. Ошону менен бирге, биз сизди 2021-жылдын 17-23-майында өткөрүлө турган БУУнун Жумалыгына карата уюштурулган дагы бир катар иш-чараларга чакырабыз. Так айтканда, сизди: • 18-майда №67 мектепте өткөзүлүүчү күзөт постуна (Бөкөнбаева\Шопокова көчөлөрүндө); • 19-майда №5 мектепте өткөзүлүүчү күзөт постуна (Токтогула\Шопокова көчөлөрүндө); • 20-майда Байтик Баатыр \ Масалиева көчөлөрүнүн кесилишинде “# Жагат30” инстаграм рамкасы менен өткөзүлүүчү күзөт постуна чакырабыз.
Бул иш-чараларды дагы ММК чагылдырууга ачык/жеткиликтүү. БУУ Жумалыгынын “Көчөлөр өмүр үчүн” темасы унаалардын ылдамдыгын 30 км/саатка чейин төмөндөтүүгө арналган. Эмне үчүн “Көчөлөр өмүр үчүн”. Анткени бүткүл дүйнө жүзү боюнча балдардын жана жаштардын өмүрүн ылдамдыгы 30 км/саат болгон көчөлөр сактап кала алат. Төмөн ылдамдык биздин шаар мейкиндигибизди ден-соолугу чың, адилеттүү жана пайдалуу жашоого жеткизүүчү ачкыч боло алат. Жол кырсыктары 5 жаштан 29 жашка чейинки жаш балдардын жана жаштардын өлүмүнүн негизги себеби бойдон калууда. Жыл сайын 10,5 миллиондон ашуун балдар жана жаштар жолдордо жаракат алышат, алардын 249 миңи өлүмгө дуушар болушат. Жолдордогу балдар өлүмүнүн жарымын жөө жүргүнчүлөр түзөт, алар азыр да ылдамдыктан өтө аярлуу бойдон калууда. Биздин маалымат берүү жана үгүттөө иш-аракетибизин максаты - аяр балдар жүргөн жерлерде автоунаалардын 30 км/сааттан жогору ылдамдыкта жүрүүсүн алдын алуу.
Буга шаардык инфраструктуранын, транспорттук технологиянын жана мыйзамдуулукту камсыз кылуунун айкалышы аркылуу жетишүүгө болот. Биздин өнөктөштөр: EASST, Жол коопсуздугу боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Альянс, FIA, КРнын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча дирекциясы. Тел: 0 (551 101 432) (Жаркын), 0 (505) 554 730 (Алия), 0 (700) 241 668 (Чынара)