Тажик-кыргыз чек арасында кармалган кыргыздардын сабалганы аныкталды
- 17.05.2021, 16:04,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тажик жарандары кармап алган үч кыргыз жараны бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Бүгүн, 17-майда Ак-Сай айылынын тургундары үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөн себебин тактоо максатында аларды милицияга өткөрүп беришкен.
Ошол эле учурда Ворух айлы менен жайлоого бара жаткан үч кыргыз жаранын Тажикстандын жарандары токтотуп, камакка алышкан.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин кармалгандар бошотулган. Алдын ала маалыматтар боюнча, тажик тарап кармап алган үч кыргыз жараны сабалган.
Бул маалыматты облустук ыйгарым укуктуу өкүл тастыктады. Мекеменин билдирген маалыматына караганда, учурда бошотулган кыргызстандыктарды ооруканага жаткыруу маселеси чечилүүдө.
«Сүйлөшүүлөрдү эки өлкөнүн өкүлдөрү жүргүзүштү. Азыр биздин жарандар текшерүүдөн өтүп жатышат», - деп билдирди өкүлчүлүктөн.