У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө «Мен көчмөнмүн» туристтик көргөзмө-жарманкеси башталды


Бүгүн, 15-майда, «Мен көчмөнмүн» деп аталган кезектеги Ысык-Көл эл аралык «ITF-2021» туристтик көргөзмө-жарманкеси башталды. Аталган иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышты.Бул саамалыктын мааниси жыл сайын артып жатканын, кошуна өлкөлөрдөн да кызыккандар арбып баратканын белгиледи. Ошондой эле туризм өлкөдөгү артыкчылыктуу тармактардын бири экенин белгиледи.

«Мамлекеттин негизги максаты – туристтик индустриядагы ишканалардын жана уюмдардын иш алып баруусуна жагымдуу шарттарды түзүү. Аталган тармакта ишмердүүлүктү өнүктүрүүнү камсыз кыла турган заманбап мыйзамдарды жана ченемдик укуктук базаларды түзүп чыгуу, кооз жаратылышка бай болгон өлкөбүздү туристтер үчүн жагымдуу өлкөгө айландыруу болуп саналат”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунан башталган «ITF-2021» эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты Кыргызстанды экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат.
Көргөзмөнүн программасы үч бөлүктөн турат, алар ар башка убактарда үч жерде өткөрүлөт — «Issyk-Kul» көргөзмө-жарманкеси, «Кыргызстан — туризмдин өлкөсү» туристтик форуму, Кыргызстандын туристтик рыногунан жана өнөктөштөрдөн мыкты катышуучуларды сыйлоо иш-чаралары


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter