10-майга карата борбор калаага "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери 455 миң 840 бир жылдык гүлдөрдү отургузушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, анда агератум, алиссум, бегония, георгин, катарантус, колеус, львиный зев, петуния, сальвия (ак, сыя көк, сары, кызыл түстүү), тагетес, цинерария жана циния гүлдөрү отургузулду.
"Бул жылы борборго 1 миллион 500 миң даана бир жылдык гүлдөрдү отургузуу пландалууда" деп жазылат маалыматта.
Шаарды көрктөндүрүү иштери уланууда.