Бишкекте 100 окуучу жана 40 мугалим коронавирус жуктуруп алды
- 07.05.2021, 11:24,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте 33 мектептен COVID-19 жана жугуштуу пневмония учурлары аныкталды. Бул тууралуу брифингде борбор калаанын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Исакова билдирди.
Анын айтымында, 12 мектепке карантин жарыяланып, дагы 21 билим берүү уюмундагы 43 класс онлайн режимине өткөрүлдү.
«Мектеп кызматкерлеринин ичинен 32 адам COVID-19 оорусу менен, ал эми жетөө жугуштуу пневмония менен ооруп жатат. 94 окуучу коронавирус жуктуруп алса, 10 окуучудан пневмония аныкталды», - деди ал.