«Газпром» Баткенге жардам көрсөттү. Көрсөтүлгөн жардамдын суммасы 5 миллион сомдон ашты
- 05.05.2021, 11:30,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусунда болуп өткөн куралдуу кагылышта четте карап турбай өз жардамдарын көрсөтүштү.
«Күнөөсүз жарандарыбыздын өлүмү ар бир кызматкердин жүрөгүн сыздатты. Бул биздин өлкө үчүн оор сыноо, жана биз элибиз бардык кыйынчылыктарды өзүнүн тилектештиги, кайраттуулугу жана туруктуулугу менен жеңип чыгат деп ишенебиз. Ушул оор мезгилде биз четте турбайбыз жана Баткен облусуна жана жабыркаган мекендештерибизге жардам көрсөттүк», - деп билдиришти компания өкүлдөрү.
Көрсөтүлгөн жардамдын суммасы 5 миллион сомдон ашты. Анын ичинен: накталай акча - 2,5 миллион сом; дары-дармектер - 1,5 миллион сом өлчөмүндө; Сом суммасында 12 миң литр күйүүчү-майлоочу май - 3 миң литрден ӨКМ, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик өрткө каршы кызматы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; 100 тиричилик техникасы.
Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусундагы куралдуу кагылышта курман болгондорго терең кайгыруу менен көңүл айтып, кагылыш учурунда жараат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.