У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башкы Республикалык штаб: "Баткенге 20 миллион сомдон ашуун каражат чогулду. Азык-түлүк жетиштүү, курулуш материалдары керек"


Бүгүн, 4-май күнү Баткен облусунун элине жардам көрсөтүү боюнча Башкы Республикалык штабтын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат жыйын өтүүдө. 

Анда штабдын мүчөсү Ашырбай Жусупов штабдын иштери тууралуу кыскача отчет берди.

“Азыркы учурда гуманитардык жардамдар тынымсыз келүүдө. Жардам аябагандай көп түшүп жатат. Тамак-аш жана башкалар жетиштүү болду. Эми жарандардын турак үйлөрүн салууга курулуш материалдар керек. Биздин штабдан Баткенге бүгүнкү күнгө карата 380 тонна жүк кетти. Анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек жана башкалар бар. Жалпы суммасы 20 миллиондон ашуун акча чогулду”, - деди Жусупов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter