У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сөөгү күйүп кеткен үйдөн табылган. Чек ара чырында каза болгондор дагы бир адамга көбөйдү


Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон жарандардын саны дагы бир адамга көбөйдү. Ошентип 35 адам шейит кетти. 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Ага ылайык, каза болгон жаран Максат айылынын 1967-жылы туулган тургуну болгон.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, каза болгон жаран ооруканада жаткандардын катарынан эмес.

"Маркум жаран ооруканада жаткан жарадардын арасынан эмес, ал Баткенде жеринен каза болгон. Ал жарандын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында күйүп кеткен үйдүн ичинен табылган", - деди министр. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter