У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муфтий: Мындан ары өлкөбүздө тынчтык болуп, энелердин көз жашы акпасын


 Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусуна барып чек ара окуясында көз жумган жарандардын туугандары менен жолугушуп, аларга көңүл айтты.
 
Маркумдарга багыштап Куран окулуп, мамлекеттин тынчтыгы, биримдиги, туруктуулугу жана элдин амандыгы үчүн бата кылынды.
 
Жолугушууга түштүк аймагындагы казылар жана облустук казыяттын эмгек жамааты катышты.
 
“Мамлекетибиздин мындан ары тынчтыгы, бакубат жашоосу үчүн дайыма дуа кылып, Жаратканга жалбаралы. Маркумдарыбызды Алла Таалам Өз ырайымына алсын. Мындай оор жоготуу кайталанбасын. Энелердин көз жашы акпасын, ар бир үйдө бейпил жашоо болуп, өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун»,-деди Жоробай ажы Шергазыев


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter