Ушу тапта Тажикстандын аскерлери Аркадагы кыргыздардын үйүн аткылап жатат
- 01.05.2021, 13:13,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 1-май, саат 12:45ке карата маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тажикстандын аскер кызматкерлери Лейлек районуна караштуу Арка айылындагы кыргызстандык тургундардын үйлөрүн аткылай башташты. Жергиликтүү жашоочулар буга чейин эвакуацияланган болчу.
Кыргызстандын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү.