Бишкектеги бала бакчаларда жана мектептерде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн сынак жарыяланды
- 30.04.2021, 09:47,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарында бала бакчаларда жана мектептерде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, капиталдык оңдоого каражат шаардык бюджеттен каралган.
"
№34 атайын көмөкчү мектепте жылуулук магистралын жана ички канализацияны оңдоо зарыл. №68 жана №80 мектептердин чатыры оңдолот. №39 мектебинде ашкана блогунун чатыры жана санитардык түйүндөрү иретке келтирилет. №44 мектебинин - шифер чатырын (Б блогу), биринчи кабатынын полун жана китепкананы оңдоо. №10 кечки нөөмөттөгү орто мектепте шифер чатырын оңдоо, цоколдук кабатын жана имаратты бекемдөө иштери жүргүзүлөт, №77 мектептин жумшак шифер чатырын профнастилге алмаштыруу каралган.№109 бала бакчада инженердик тармактарды алмаштыруу менен жылуулук трассасын, жылытуу, санитардык түйүндөрдү оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. №148 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде жылуулук тутуму, суу түтүк жана канализация тутуму оңдолсо, №162 бала бакчада жылуулук трассасы оңдолот", - деп жазылат маалыматта.